Алиевден Эрдоганга кайрылуу

Жер титирөөдө каза болгондордун жаркын элесин терең урматтоо менен эскерерин белгилеген Алиев аларга Аллахтан ырайым тилеп, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабыр каалады.

2097912
Алиевден Эрдоганга кайрылуу

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 2023-жылдын 6-февралындагы жер титирөөлөрдүн 1 жылдыгына байланыштуу президент Режеп Таййип Эрдоганга кайрылуу жолдоду.

Жер титирөөдө каза болгондордун жаркын элесин терең урматтоо менен эскерерин белгилеген Алиев аларга Аллахтан ырайым тилеп, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына сабыр каалады.

Алиев апааттын Түркия сыяктуу Азербайжанды да титиреткендигин баса белгилеп, азербайжан элинин ошол оор күндөрдө бир тууган түрк эли менен бир болгонун билдирди.

Азербайжан эли жана мамлекети жер титирөө кабарынын алгачкы мүнөттөрүнөн тартып эле эч кандай жардам чакырыгын күтпөстөн, бир туугандык парзын аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялаганын эске салган Алиев: «Түркия өкмөтү сиздин чечкиндүү жетекчилигиңиз менен жер титирөөдөн улам келип чыккан чоң кыйроону жоюу, жабыркаган аймакты жандандыруу жана миллиондогон үй-жайсыздарды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн бардык күчү менен аракет кылууда. Азербайжандын Кахраманмараш провинциясында гуманитардык ишмердүүлүгүн улантып, курулуш-калыбына келтирүү иштерине жана социалдык объектилердин курулушуна жакындан катышууда. Бул ыйык жана ардактуу миссияда Түркиянын жанында турганыбызга абдан сыймыктанабыз»,-деди.

Алиев Түркиянын жакшы жана жаман күндөрдө дайыма Азербайжандын жанында болгон сыяктуу Азербайжандын да Түркиянын жанында болгонун жана мындан ары да бирге болоорун белгиледи.

«Анткени биз бир улут, эки мамлекетпиз.Сиздин лидерлигиңиз, түрк элинин күрөшкө болгон чечкиндүүлүгү, тилектештик руху жана күчтүү эрки аркылуу күчтүү Түркия мамлекети бул кыйынчылыктарды тез арада жеңип, бул азаптуу сыноодон ар-намыс менен, андан да күчтөнүп чыгаарына ишенем», - деди ал.



Тектеш кабарлар