Кыргызстан Бишкекте чыккан өрттө жабыркагандар үчүн Түркиядан жардам сурады
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин түрк кесиптештери менен байланышка өткөндүгү маалымдалды.
Кыргызстан Бишкектеги ЖЭБде чыккан өрттөн оор жаракат алгандарды дарылоо үчүн Түркиядан жардам сурады.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөсү менен Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин түрк кесиптештери менен байланышка өткөндүгү маалымдалды.
Түркиянын эң мыкты күйүк адистеринин бири, профессор доктор Корай Даш менен онлайн консультация болуп, термикалык күйүк алган жарадарларды дарылоо ыкмалары талкууланды.
Өзгөчө Түркиядан эки адис дарыгердин Бишкекке келиши күтүлүүдө жана алар жергиликтүү адистер менен бирге жабыркагандарды дарылашат.
Борбор шаар Бишкекте үйлөргө ысык суу жана кышкы жылуулук берүүчү ЖЭБде чыккан өрттөн 5 адам жабыркаган анын ичинен эки кишинин абалы оор.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов пресс - жыйында оор жаракат алгандардын колдорунун жана беттеринин, тактап айтканда денесинин 80 пайызынын күйгөндүгүн айткан.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.