Илхам Алиев Мартин Чунгонгду борбор шаар Бакуда кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүнүн Европа Кеңеши жана Европа адам укуктары сотунун мүчөлүктөрүнөн чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

2096698
Илхам Алиев   Мартин Чунгонгду борбор шаар Бакуда кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүнүн Европа Кеңеши жана Европа адам укуктары сотунун мүчөлүктөрүнөн чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

Илхам Алиев Парламенттер аралык биримдиктин баш катчысы Мартин Чунгонгду борбор шаар Бакуда кабыл алды.

Алиев жолугушууда Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясында Азербайжанга каршы душмандык мамиле кылгандыгын белгиледи.

Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясынын бул мамилесинин уюмдун негизги принциптерине карама-каршы келгенин баса белгилеген Алиев : «Эгерде Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясы Азербайжан делегациясынын укуктарын кайтарбаса, Баку Европа Кеңешине жана Европа адам укуктары сотунун мүчөлүгүн кайра карап чыгат»,-деди.

Алиев Франциянын Азербайжанга каршы мамилесине да токтолуп : «Аймакта кыйратуучу саясат жүргүзгөн Франция «отко бензин куюга» аракет кылууда. Аймагыбызда чыңалуунун себеби болгон Париж түрдүү эл аралык уюмдар жана парламент деңгээлинде  Азербайжанга каршы саясат жүргүзүүдө. Франция Түштүк Кавказияда лидер болуунун артында. Бирок анын таасирин күчөтүү аракеттери жыйынтыксыз болууда",- деди.



Тектеш кабарлар