Байрамов Евробиримдиктин Арменияга аскердик жардамдарына реакция кылды

Байрамов, Бакуга барган Чехиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Маркета Пекарова Адамова менен жолугушту.

2096884
Байрамов Евробиримдиктин Арменияга аскердик жардамдарына реакция кылды

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Европа Биримдиги (ЕБ) менен Армениянын коргонуу тармагындагы ар кандай кызматташтыгынын Түштүк Кавказдагы тынчтык процессине зыян келтирерин айтты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Бакуга барган Чехиянын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Маркета Пекарова Адамова менен жолугушкан Байрамов, Европа Биримдиги менен Еревандын ортосундагы аскердик кызматташтыкка каршылык көрсөттү.

«Азербайжан Евробиримдиктин жана мүчө мамлекеттердин ишенимдүү өнөктөшү. Бирок өлкөбүзгө карата кош стандарттуу ишке ашыруулар жана адилетсиз мамиле биздин аймакта туруктуу тынчтыктын орношуна салым кошо албайт» деген Байрамов, Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүнүн Ереванга башка ат менен аскердик жардам көрсөтүп жатканын билдирди.

Байрамов: «Арменияны тынчтык жараянынан алыстаткан бул мамлекеттердин аракеттери Түштүк Кавказда тынчтыктын орношуна залакасын тийгизет»,-деди.



Тектеш кабарлар