Түркия-Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу

Быйыл Казакстандын Коргоо министрлиги тарабынан бир катар эл аралык аскердик машыгуулардын өткөрүлүшү пландалууда.

2095233
Түркия-Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу

Казакстан менен Түркия быйыл “Жолборс жолу-2024” аталышындагы биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт.

«Казинформ» гезитинин кабарына караганда, быйыл Казакстандын Коргоо министрлиги тарабынан бир катар эл аралык аскердик машыгуулардын өткөрүлүшү пландалууда.

Ушул алкакта Казак-Түрк куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен «Жолборс жолу-2024» аскердик машыгуусунан тышкары Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын биргелешкен «Бирлестик-2024» машыгуусу өткөрүлөт.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Тынчтык күчтөрүнүн биргелешкен “Бузулбас бир туугандык” машыгуусу да быйыл күзүндө Казакстанда өтөт.

Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Беларусь менен эки тараптуу биргелешкен машыгууларды өткөрүүнү пландап жаткан Казакстандын Куралдуу күчтөрү, Каспий деңизинин жээгиндеги өлкөлөрдүн да (Казакстан, Азербайжан, Иран жана Орусия) биргелешкен деңиз күчтөрүнүн машыгууларына катышат.



Тектеш кабарлар