Азербайжанда "Кандуу январь" курмандыктары эскерилүүдө

Азербайжандыктар 1990 – жылдагы геноцидде каза болгондорду эскерүү үчүн Баку шейиттеринин монументине барышты.

2091211
Азербайжанда "Кандуу январь" курмандыктары эскерилүүдө
azerbaycan 20 ocak.jpg
azerbaycan 20 ocak.jpg
azerbaycan 20 ocak.jpg

Азербайжанда көз карандысыздыктын символуна айланган жана тарыхка «Кандуу   январь» деп өткөн 20 -  январдагы геноциддин курмандыктары эскерилүүдө.

Азербайжандыктар 1990 – жылдагы геноцидде каза болгондорду эскерүү үчүн Баку шейиттеринин монументине барышты. 

Баку жана башка аймактардан келгендер шейиттиктин алдында кезекке турушту. Мазарларга кызыл гвоздикаларды таштаган жарандар шейиттер үчүн дуба кылышты. 

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө өлкө боюнча бардык шейиттер үчүн бир мүнөттүк эскерүү болду. Ошол эле учурда Каспий деңизинин жээгиндеги кемелер жана жол кыймылында жүргөн айдоочулар да сигналдарына басышты.

Президент Илхам Алиев да жубайы Михрибан Алиева менен Шейиттер аллеясын зыярат кылып өчпөс от эстелигине гүл чамбар койду. 

Түркиянын Бакудагы элчиси Жахит Багжы да Шейиттер монументине барып, шейит мазарларына гвоздика таштап, дуба кылды.

Кандуу январьдан улам Түркиянын Баку элчилигиндеги түрк желеги жарымга түшүрүлдү.

1990-жылдын башында армяндардын жана Совет бийлигинин күчөгөн жер талабына каршы чыгууну каалаган миңдеген азербайжандык Бакунун "Азадлык" аянтына барып узак мөөнөттүү митингдерди башташкан.

Митингди таркатуу үчүн 20 - январда Бакунун ар кайсы жерлерине кирген советтик армия 150гө жакын жаранды, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүрүп, жүздөгөн адамдарды жарадар кылышкан.

Шейиттерден сөөгү жүз мидеген кишинин катышуусунда көз жашы менен кызыл гвоздикалардын коштоосунда бүгүнкү аты Шейиттер аллеясында көмүлдү. Азербайжандыктар 34 жылдан бери жыл сайын  20 -  январда  20 -  январь курмандыктарынын символу болгон гвоздикалар менен шейиттикке келүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар