Алиев жергиликтүү телеканалдарга билдирүү жасады
Алиев Зангезур коридору тууралуу маалымат берди.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөсүнүн батыш облустарын Нахчыван Автономдук Республикасына байланыштыра турган Зангезур коридору ачылбаса, Армения менен чек араларды ачпай турганын айтты.
Илхам Алиев жергиликтүү телеканалдарга билдирүү жасады.
Алиев Азербайжандын батыш облустарын Нахчыван Автономдук Республикасы менен байланыштыра турган Зангезур коридору тууралуу: «Эң ылайыктуу вариант Мехри аймагынан (Арменияда жайгашкан) өтүүчү жол. Темир жол да, автожол да болушу керек. "Азербайжандан Азербайжанга" адамдар жана жүктөр эч кандай текшерүүсүз өтүшү керек. Болбосо Армения түбөлүк туңгуюкта кала берет. Жана мен айткан жол ачылмайынча Армения менен чек араны ачпайбыз»,-деди.
«Армения тынчтык келишими үчүн кепил мамлекеттерге ээ болууну каалап жатат», - деген Азербайжандын президенти: «Биз болсо буга керек жок деп ойлойбуз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.