Токаев 2026 - жылы кайрадан шайлануу үчүн конституцияны өзгөртпөйт

Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаев президенттик шайлоого кайрадан катышуу үчүн конституцияга өзгөртүү киргизет деген сөздөрдү четке какты.

2084234

Касым - Жомарт Токаев «Эгемен Казакстан» гезитине берген маегинде  конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү жана 2026 - жылы кайрадан президенттик шайлоого катышууну пландап жатат деген ушактардын «дезинформация» экендигин айтты.  

Токаев  конституциядагы бир мөөнөттүү президенттик беренесинин өзгөртүлгүс экендигин айтты. "Конституциябыздагы бул норма кудум көз карандысыздык, унитардык, жеринин бүтүндүгү жана ммалекеттин башкаруу формасы сыяктуу өзгөрбөс бир норма",- деген Токаев жети жылдык жана бир мөөнөттүү президенттик пикирин биринчи жолу өзү  сунуш кылынгандыгын, элдин да колдоосун алгандыгын эске салды. 

Казакстан Республикасынын Парламенти  2022 - жылдын күзүндө президенттин кайрадан шайлануу мүмкүнчүлүгүн  жойгон жети жылдык, бир мөөнөттүү президенттик демилгесин бекиткен. Буга чейин Казакстандын президенти беш жылга шайланып, экинчи жолу шайлоого катыша алган. 

Тектеш кабарлар