Жапаров Токаевди куттуктады

Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевди эки өлкө ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы менен куттуктады.

2081381
Жапаров Токаевди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге эки өлкө ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

"Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан биздин боордош өлкөлөрдүн ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы – мааракелик датага байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. 

Жалпы тарыхый тамырларга негизделген жана Союздук мамилелер жөнүндө келишимде чагылдырылган бекем фундаменталдуу баалуулуктар жана принциптер бүгүнкү күндө көп пландуу кызматташтыкты ырааттуу түзүүгө мүмкүндүк берет деп терең ишенем.

Сиз менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулар ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн принципиалдуу жаңы перспективаларын ачууга мүмкүндүк берди.

Болгон жыйынтыктарга таянып, биргелешкен аракеттер менен биз Кыргызстан менен Казакстандын боордош элдеринин ортосундагы союздук мамилелерди мындан ары чыңдоону камсыздай алабыз деп ишенем. 

Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге чың ден соолук, жакшылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана жаратмандык каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

КРнын Президентинин сайты



Тектеш кабарлар