Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу чек ара боюнча келишим түзүлдү
Иш алып баруу топтору кыргыз - тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашып, бул маселе боюнча протоколго кол коюшту.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу 11,88 чакырымдык чек ара тилкеси боюнча келишим түзүлдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, чек араны белгилөө делегациялары 17 - 23 - декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында жолугушту.
Иш алып баруу топтору кыргыз - тажик мамлекеттик чек арасынын 11,88 чакырымы боюнча макулдашып, бул маселе боюнча протоколго кол коюшту.
Тараптар келерки аптада Кыргызстанда жолугушат.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 970 чакырымдык чек аранын 503 чакырымына байланыштуу талаш - тартыш болуп жаткан.
Иш алып баруу топтору буга чейин да чек аранын талаш - тартыштуу бөлүгүнүн 240 чакырымы боюнча келишим түзгөн.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.