Кыргызстанда желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев менен депутат Улан Примов тарабынан даярдалган Кыргызстандын туусун жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору 90 орундуу парламентте добуш берүүгө катышкан 64 депутаттын 59у «макул» деген добуш берип, мыйзамдашты.

2078719
Кыргызстанда желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Өлкө желегин өзгөртүүнү караган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кабыл алынып, мыйзамга айланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин төрагалыгы алдында өткөн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев менен депутат Улан Примов тарабынан даярдалган Кыргызстандын туусун жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору 90 орундуу парламентте добуш берүүгө катышкан 64 депутаттын 59у «макул» деген добуш берип, мыйзамдашты. 5 адам “каршы” деп добуш берди.

Мыйзам долбоорунда өлкөнүн желегиндеги толкун түрүндөгү күндүн нурларын тегиздөө жана ортодогу мотивдеги чамгарактардын санын 3төн 4кө чейин көбөйтүү сунушу камтылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2-Элдик курултайда өлкөнүн желегине өзгөртүү киргизүүнү өзү сунуштаганын билдирди.

Жапаровдун жактыруусунан кийин мыйзам расмий гезитте жарыяланып күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар