Татар : "Түркия аралдан чегине турган болсо Палестинадагыдай окуялар болот"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар Түркия чегинсе, аралда Палестинадагыдай окуялар болушу мүмкүн экендигин айтты.

2074389
Татар : "Түркия аралдан чегине турган болсо Палестинадагыдай окуялар болот"

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар Түркия аралдан чегине турган болсо, аралда Палестинадагыдай окуялар болушу мүмкүн экендигин айтты.

Татар Стамбулдагы жолугушууларынын алкагында катышкан "Түркия кылымында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын перспективасы" конференциясында  баа берди. 

Израиль жана Палестинада болгон окуяларга байланыштуу процесстин иликтениши керектигин белгилеген Татар бул процессте Түркия менен кыймыл кылуунун маанисин баса белгиледи. 

Татар Түркиянын арал үчүн маанисин баса белгилеп, Түркия бул жерден чегине турган болсо Палестинадагыдай окуялардын болушу мүмкүн экендигин айтты. 

Президент Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  өткөн жылы Түрк Мамлекеттер Уюмуна байкоочу мүчө катары киргенден кийин жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болгонун, өлкөнүн мамлекеттик, академиялык жана кесиптик палаталар сыяктуу мекемелердин  бул чатырдын астында башка түрк мамлекеттери менен байланышта болгонун жана ал жерде өлкөнү өкүлдүк кылганын айтты. 

Эрсин Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын дүйнөдөгү  ордун акырындап алып жатканын баса белгилеп, каалоолорунун «таанылуу» экенин белгиледи.

"Таанылууга маани берем бирок бардык күрөштү ал жерге индекстей албайбыз",- деген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Татар БУУнун Түштүк Кипр Рум башкаруусун аралдын мыйзамдуу мамлекет катары көрсөткөн адилетсиз чечимине карабастан иштерин жүргүзүшкөндөрүн баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар