Азербайжанда шейиттер эскерилди

Азербайжанда  Карабах жеңишинин  3 -  жылында жерлерин оккупациядан куткаруу үчүн каза болгон шейиттер эскерилди.

2062112
Азербайжанда шейиттер эскерилди

Азербайжанда  Карабах жеңишинин  3 -  жылында жерлерин оккупациядан куткаруу үчүн каза болгон шейиттер эскерилди.

Азербайжандыктар Экинчи Карабах согушундагы жеңиштин 3 -  жылында шейиттиктерге барышты.

Борбор шаар Бакуда Экинчи  Фахри Хыябандагы шейиттикке барган шейит жакындары жана жарандар бул жердеги мүрзөлөргө  гүл коюп,  дуба кылышты. 

2020 -  жылы  27 -  сентябрда  башталган  Экинчи Карабах согушунда Азербайжан  300гө жакын отурукташуу жерин оккупациядан бошотту. Азербайжан  армиясынын Шушага кириши Армиян армиясынын тарашына себеп болгон. 2020 - жылы  10 - ноябрда  жеңилишин кабыл алган Армения Агдам, Келбежер жана Лачын облустарынан армиясын  чыгарарына  убада берген билдирүүгө  кол койгон.

Азербайжандын  президенти Илхам Алиев 8 -  ноябрды "Жеңиш күнү" деп жарыялаган.

Экинчи Карабах согушунда Азербайжан армиясынан  2 миң  908 аскер шейит болду. 

 



Тектеш кабарлар