Эрсин Татар Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү
Татар сүйлөшүүдө Йигитлер - Пиле жол долбоору багытындагы рум мыйзам бузууларын Гутеррешке билдирди жана мыйзам бузуулардын тез арада токтотулушун суранды.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Татар менен Гутеррештин сүйлөшүүсүндө Йигитлер - Пила жолу долбоору, Кипрге атайын өкүлдүн дайындалышы жана Газадагы акыркы абал талкууланды.
Татар сүйлөшүүдө Йигитлер - Пиле жол долбоору багытындагы рум мыйзам бузууларын Гутеррешке билдирди жана мыйзам бузуулардын тез арада токтотулушун суранды.
Татар Гутеррешке рум башкаруучулугунун Йигитлер – Пиле жолуна тийиштүү иштерди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылганын айтып, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын чыңалууну каалабаганын белгиледи.
Татар кипрлик румдардын 2 жылдык каршылык көрсөтүүсүнөн кийин Кипрге жеке өкүл дайындоо маселесин кабыл алган Гутеррешти куттуктаганын билдирди.
Өкүлдүн 6 айга дайындала турганын белгилеген Татар өкүлдүн милдети эки тараптын ортосунда орток пикир барбы же жокпу муну иликтөө экендигин айтты.
Татар Гутерреш менен аймактык башка маселелерди да карап чыгышкандарын белгилеп : «Газада болуп жаткан адамзаттык трагедиянын эртерээк акырына чыгарылышына карата бизге түшкөн милдетти аткарууга даяр экендигибизди, жарандарды бутага алган зомбулуктун акырына чыгышы керектигин жана Палестина калкынын коопсуздугун түзө турган механизмдердин эртерээк ишке кириши керектигин айттым. Гуманитардык коридордун түзүлүшү тууралуу демилгелерди жана бул жагдайдагы каршы турууларды да колдогондугубузду билдирдим»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.