Мирзиёевге "Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени" тапшырылды

Казакстан президенттигинен берилген маалыматка караганда, сыйлык тапшыруу аземи Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын  10 - саммитинен кийин өткөрүлдү.

2060119
Мирзиёевге  "Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени"  тапшырылды

Казакстандын борбору Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 10 - саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге  түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» ыйгарылды.

Казакстан президенттигинен берилген маалыматка караганда, сыйлык тапшыруу аземи Астанада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын  10 - саммитинен кийин өткөрүлдү.

Аземде Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Өзбекстандын президенти Мирзиёевге түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн «Түрк дүйнөсүнүн жогорку орденин» тапшырды.

Президент Мирзиёев ыраазычылык билдирген сөзүндө :  "Мен бул сыйлыкка чыныгы боордоштук  карым  - катнаштардын  негизинде кайрадан чыңдалган  жакын   достугубуздун жана кызматташтыгыбыздын символу катары баа берем",- деди. 

Аземге президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркмөнстандын Элдик жыйынынын "Халк масалахаты)  төрагасы Гурбангули Бердимухамедов жана Венгриянын премьер  - министри Виктор Орбан да катышты. 

 



Тектеш кабарлар