Түркмөнстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң коопсуз өлкө
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аялдар үчүн экинчи коопсуз өлкө, тизмеде 70-орундагы Казакстан. Андан кийин Тажикстан (90), Өзбекстан (94) жана Кыргызстан (95) турат.
Түркмөнстан 2023-жылдагы Women Peace and Security Indexте (Аялдардын тынчтык жана коопсуздук индекси) 177 өлкөнүн ичинен 58-орунду ээледи.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аялдар үчүн экинчи коопсуз өлкө, тизмеде 70-орундагы Казакстан. Андан кийин Тажикстан (90), Өзбекстан (94) жана Кыргызстан (95) турат.
Башка аймактардын жана өлкөлөрдүн ичинен аялдар үчүн эң коопсуз жерлер: Дания, Швейцария жана Швеция (тизмеде 1, 2 жана 3-орунда). Эң кооптуулар болсо: Ооганстан (тизменин аягы, 177-орун), Йемен (176) жана Борбордук Африка Республикасы (175).
WPS индексин түзүүдө өлкөлөрдөгү абал 13 критерий боюнча бааланат жана бул критерийлер төмөнкү үч категорияга бөлүнөт:
Камтуучулук: билим берүү, финансылык кызматтарга жетүү, жумушка орношуу, уюлдук телефондорду колдонуу, аялдардын парламенттеги өкүлчүлүгү;
Адилеттүүлүк - укуктук дискриминациянын, сотторго жетүүнүн жоктугу, энелердин өлүмү, предюдициялар;
Коопсуздук: жакын өнөктөш зомбулук деңгээли, аялдардын коомдо өзүн коопсуз сезиши, аялдарга карата саясий зомбулук, куралдуу кагылышууларга жакындыгы.
Отчет БУУ, Дүйнөлүк Банктын маалыматтары, Gallup ж.б. сыяктуу глобалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен даярдалууда.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.