«Мустафа Кемал Ататүрк 2023» машыгуусу уланып жатат

«Мустафа Кемал Ататүрк 2023» машыгуусу эртең аяктайт.

2055137
«Мустафа Кемал Ататүрк 2023» машыгуусу уланып жатат
Mustafa Kemal Ataturk-2023 Tatbikati-2.jpg
Mustafa Kemal Ataturk-2023 Tatbikati-1.jpg
Mustafa Kemal Ataturk-2023 Tatbikati.jpg

Түркия менен Азербайжандын Куралдуу күчтөрү Азербайжанда «Мустафа Кемал Ататүрк 2023» биргелешкен машыгуусун өткөрүүдө.

Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына карата уюштурулган машыгуунун «Ардактуу байкоочу күнүнө» улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жана Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо катышты.

Борбор шаар Бакуга жакын жердеги аскердик машыгуу аянтында өткөрүлгөн "Ардактуу байкоочу күнү" учурунда аткарылган миссиялар чыныгы согуш көрүнүштөрүнөн айырмаланган жок.

Машыгуу түрк жана азербайжан десанттык бөлүктөрүнүн фронттогу өкүл душмандын позицияларын колго алуусу менен башталды.

Душмандын абадан коргонуу бөлүктөрү таасирсиз кылынган машыгууда Түрк Ф-16 учактары буталарды жок кылды.

Ракета жана артиллерия бөлүктөрүнүн аткылоосу учурунда танк бөлүктөрү душман позицияларына кол салган машыгууда Байрактар​​ TB2 SİHAлар өкүл душмандын «Искендер» жана «Точка-У» ракеталык системаларын так атуу менен жок кылды.

Аскерлер бронетранспортерлор менен чабуул жасаган машыгууда түрк жана азербайжан атайын бөлүктөрү өкүл душмандын изин кууп, жогорку даражалуу командирлерди колго түшүрдү.

Баку менен бирге Нахчыван жана оккупациядан бошотулган аймактарда уюштурулган машыгууга 3 миң кызматкер, 130 танк жана бронетехника, 100гө жакын артиллериялык жана ракеталык система, 20га жакын учак жана тик учак катышууда.

Түрк жана Азербайжан армияларынын ортосундагы карым-катнашты жана координацияны арттырууну максат кылган «Мустафа Кемал Ататүрк 2023» машыгуусу эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар