Түрк мамлекеттери уюмунун медиа жана информация тармагында жыйыны Кыргызстанда болду

Бишкекте өткөрүлгөн жыйынга Азербайжан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан мамлекеттик кызматкерлер жана медиа жетекчилери катышты.

2052052
Түрк мамлекеттери уюмунун  медиа жана информация тармагында жыйыны Кыргызстанда болду

Түрк мамлекеттери уюмунун медиа жана информация тармагында кызматташуу боюнча иш алып баруу тобунун  10 -  жыйыны Кыргызстанда өттү.

Маданият, информация, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун жетекчилигинде борбор шаар Бишкекте өткөрүлгөн жыйынга Азербайжан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан мамлекеттик кызматкерлер жана медиа жетекчилери катышты.

Жыйынга Түркиядан Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын Коомдук дипломатия бөлүмүнүн башчысы Огуз Гүнер, Анадолу агенттигинин (AA) стратегиялык байланыштар жана тышкы байланыштар боюнча менеджери Хазал Дуран, ТРТ Аваздын тышкы байланыштар жана корпоративдик байланыштар боюнча жооптуу кызматкери Гөкчен Оган жана Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын жетекчилери да катышты.

Жыйында Түрк мамлекеттери уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн арасында медиа тармагында  маалыматтарды бөлүшүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жылдык иш-чаралар планы, Өзбекстанда өтө турган 2-Эл аралык медиа форум, министрликтин өкүлдөрү үчүн окуу программасы, орток маалымат каналы, Түрк маалымат агенттиктеринин ассоциациясын түзүү маселеси талкууланды.

Медиа жана информация тармашында  кызматташуу боюнча жумушчу топтун жыйынынын алкагында “ChatGPT жасалма интеллект тиркемеси мисалында жасалма интеллекттин артыкчылыктары жана кемчиликтери” жана “Гибриддик согуштар 21-кылымда коопсуздук коркунучу» деген темаларда эки сессия өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар