Кыргызстан Россия менен биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы келшимине кол койду

Мыйзам долбоору боюнча сунуш парламентке  коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов тарабынан киргизилген.

2049532
Кыргызстан Россия менен биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы келшимине кол койду

Жогорку Кеңеш Россия менен биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишимди жактырды.

Парламенттин сайтындагы билдирүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча макулдашууну бекитүү тууралуу мыйзам кабыл алынды.

Мыйзам долбоору боюнча сунуш парламентке  коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов тарабынан киргизилген.

Карасартов мыйзам долбооруна байланыштуу : "Бул келишим менен Россия жана Кыргызстандын биргелешкен аймактык абадан коргонуу системасы түзүлөт. Бул максаттар үчүн келишимди колдонуу мөөнөтү боюнча өлкөдөгү Кант шаарында жайгашкан орус аба базасынын жакынында  5 гектардык жер тилкеси бөлүнөт",- деп билдирген. 

Келишимге эки өлкөнүн ортосунда Россиянын борбор шаары Москвада  2022 -  жылы  16 -  апрелде кол коюлган. 

 

 



Тектеш кабарлар