АКШдагы чагымчылдыкка каршы чыгуулар...

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги жана ТКТРнын президенти Эрсин Татар Түштүк Калифорния университетинде өткөрүлгөн «Түркиянын коомдук дипломатиясы» аттуу конференцияда радикал армян топторунун иш-чаранын катышуучуларына кол салуусуна каршы чыкты.

2044548
АКШдагы чагымчылдыкка каршы чыгуулар...

 

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) өткөрүлгөн «Түркиянын коомдук дипломатиясы» аттуу конференцияда радикал армян топторунун катышуучуларга кол салуусуна Азербайжан каршылыгын көрсөттү.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Калифорния университетинде өткөрүлгөн «Түркиянын коомдук дипломатиясы» аттуу конференцияда радикал армян топторунун иш-чаранын катышуучуларына кол салуусуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө, «Радикалдуу армян топторунун конференцияга катышып жаткан жетекчилерге кол салышын катуу айыптайбыз»,делди.

Билдирүүдө 2-Карабах согушунан кийин жана Азербайжандын Карабахтагы антитеррордук операциясынан кийин Азербайжан жана Түркия жарандарына каршы Армениянын этникалык кастык жана сабырсыздык саясатынын натыйжасында күчөгөнү жана системалуу түргө айланышынын олуттуу коркунуч туудурганы белгиленип: «Армениянын Азербайжанга карата каралоо кампаниясынын ийгиликсиздигин жана аймактагы мыйзамсыз режимдин кулашын көтөрө албаган радикал армян диаспорасынын өкүлдөрүнүн мындай кол салуулары кылмыш болуп саналат жана жазаланышы керек»,-деп айтылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар да:«Лос-Анжелесте өткөрүлгөн Түркиянын Коомдук дипломатия конференциясына катышкан мекенибиз Түркия Республикасы жана Азербайжан делегацияларына карата армян радикал топторунун оозеки жана физикалык кол салууларын катуу айыптайм»,-деди.

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан, Азербайжандын Лос-Анжелестеги башкы консулу Рамил Гурбанов жана башка катышуучуларга жакшы каалоо-тилектерин айткан Татар: «Аймакта башталган тынчтык процессине таасир этүүнү максат кылган радикал топтордун аракеттери тынчсыздандырат»,-деди.

Татар ТКТР катары ар дайым Түркиянын жанында боло тургандарын жана Азербайжандын «адилеттүү ишин» колдоону уланта тургандарын баса белгиледи.

Юнус Эмре институтунун (YEE) жана USC Анненберг Коммуникация жана журналистика мектебинин Коомдук дипломатия магистратура программасынын биргелешкен демөөрчүлүгү менен Лос-Анжелесте өткөрүлгөн конференцияда армяндардын бир тобу оозеки жана физикалык кол салууларды кылышкан.



Тектеш кабарлар