Илхам Алиев тынчтык жана туруктуулукка басым жасады

Алиев Зангиландагы 2 - Улуттук шаар куруу форумунун ачылышына катышты.

2044344
Илхам Алиев тынчтык жана туруктуулукка басым жасады

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кавказда тынчтык жана ырааттуулукту каалашкандарын белгилеп  : «Бул мүмкүн жана тандоо Арменияда», - деди.

Алиев Зангиландагы 2 - Улуттук шаар куруу форумунун ачылышына катышты.

Алиев сөзүндө Зангилан баш болгон аймактагы бардык отурукташуу жерлеринин Армениянын оккупациясы учурунда талкаланганын эске салып, аймакты кайрадан кургандарын билдирди. 

Алиев 19 - сентябрда Азербайжандын Карабах аймагында армян куралдуу топторуна каршы жүргүзүлгөн антитеррордук операцияга байланыштуу : "Биз Армениянын жеринин бүтүндүгүн тааныйбыз. Ниетибиз башка болгондо  20 -  сентябрда операция токтобос эле. Муну  баарынын билиши керектигин каалаймын",- деди. 

Азербайжанга каршы кабыл алынгыс пландарды курган тараптарга да : "Сабырыбыз менен ойнобогула. Биз сабырдуубуз жана  чечкиндүүбүз. Туура экенибизди далилдей алабыз. Муну биз күчтүү болгонубуз үчүн эмес, адилеттүүлүк биз тарапта болгону үчүн жасап жатабыз",-  деди Алиев.

Алиев антитеррордук операциядан кийин өлкөнүн эгемендигинин толугу менен түзүлгөндүгүн  баса белгилеп : "Мындан ары тынчтык келишимине кол коюу оңой болот. Биз дагы чек араларды аныктоонун үстүндө иштешибиз керек жана бул көптөн бери келе жаткан келишпестикти токтотуубуз керек. Азербайжан тынчтыкты каалайт. Биз бул жерлерди калыбына келтирип, мекендештерибизди кайтаргыбыз келет. Кавказда тынчтык жана стабилдүүлүктүн болушун каалайбыз.Бул мүмкүн жана тандоо Арменияда",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар