Түрк дүйнөсүнүн расмий аналитикалык мекемелери Астанада чогулду

Түрк мамлекеттер уюмуна  мүчө жана байкоочу мамлекеттердин расмий тышкы саясат изилдөө борборлорунун 9 - жыйыны Казакстандын борбору Астанада өттү.

2044065
Түрк дүйнөсүнүн расмий аналитикалык мекемелери Астанада чогулду

Түрк мамлекеттер уюмуна  мүчө жана байкоочу мамлекеттердин расмий тышкы саясат изилдөө борборлорунун 9 - жыйыны Казакстандын борбору Астанада өттү.

Жыйынга Тышкы иштер министринин башкы кеңешчиси жана Тышкы иштер министрлигинин Стратегиялык изилдөө борборунун  төрагасы доктор Нух Йылмаз жана аны коштогон делегация катышты.

 

Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, жыйынга доктор  Йылмаздан башка Түрк мамлекеттер уюмунун  баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриядан өкүлдөр жана дипломаттар да катышты.

 

Йылмаз жыйналыштын кезексиз сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Түрк мамлекеттер уюму түзүлгөндөн бери ылдам бир өзгөрүүнүн болгонуна көңүлдөрдү бурду.

Соода жолдорунун өзгөргөнүн жана Азиянын дүйнөлүк экономикада алдыңкы орунга чыкканын баса белгилеген Йылмаз тарых жана географиянын  тартуулаган бул мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарбоо керектигин баса белгиледи.

 

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды да өткөргөн Стратегиялык изилдөө борборунун төрагасы Йылмаз, Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Өмүралиев менен да жолугушту.

Йылмаз менен Өмүралиев жекеме - жеке жолугушуусунда түрк дүйнөсүндөгү расмий аналитикалык борборлордун алдыдагы мезгилде биргеликте таштай ала турган  кадамдарын менен долбоорлорду  талкуулашты.

 

 



Тектеш кабарлар