Алиев менен Блинкен телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтоони Блинкен Карабахтагы кырдаалды талкуулашты.

2043119
Алиев менен Блинкен телефон аркылуу сүйлөштү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Карабахтагы кырдаалды талкуулашты. 

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматта Блинкендин Алиевге телефон  чалганы жана  сүйлөшүүдө  Азербайжандын Армения куралдуу күчтөрүнө каршы жүргүзүлгөн антитеррордук операциясынан кийинки Карабах аймагындагы учурдагы абалга байланыштуу пикир алышуулардын болгондугу  белгиленди.

Алиев сүйлөшүүдө 24 саатка жетпеген убакытта аяктаган операцияда бир гана аскердик объектилердин  бутага алынгандыгы,  жарандардын жабыр тартпагандыгын айтты.  

мыйзамсыз армян куралдуу күчтөрүнүн куралсыздандырылгандыгы жана Азербайжан жерлеринен чыгарылгандыгын белгилеген Алиев акыркы  5 күндө жүздөгөн аскердик каражат, курал жана ок  - дарынын конфискациялангандыгын эске салды. 

Алиев Азербайжандагы чет элдик миссиянын өкүлдөрү менен БУУнун туруктуу координаторлугунун өкүлүнүн конфискацияланган куралдарды жеринде текшергендигин белгиледи.

Өлкөдөгү башка азчылыктар  сыяктуу Карабахта жашаган армяндардын укуктарынын да өлкөнүн мыйзамдары жана эл аралык милдеттеринин алкагында  камсыз кылынышы үчүн иштердин каткарылып жаткандыгын  белгилеген Алиев, Азербайжандын мамлекеттик бийлик өкүлдөрү жана армян калкынын өкүлдөрүнүн арасында  интеграция темасында сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгын, армян тургундарга  Азербайжан тарабынан жардам жөнөтүлгөндүгүн жана  аймактагы инфраструктуранын оңдолгонун билдирди. 

Армян тургундарына жардам көрсөтүү үчүн Эл аралык Кызыл Крест комитети менен кызматташкандарын белгилеген Алиев, БУУнун туруктуу координаторунун жакынкы келечекте Азербайжандын Карабах аймагына сапарын уюштурууга даяр экендиктерин айтты. 

Блинкен болсо кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, аймакта ырааттуулукту камсыз кылуу жана жергиликтүү армяндар менен диалог түзүүнүн маанилүү экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар