Илхам Алиев улутка кайрылды
Алиев Азербайжан армиясынын Карабахта жүргүзгөн жана ок атышпоо менен жыйынтыкталган антитеррордук операциядан кийин улутка кайрылды.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжандын Карабахтагы эгемендигин кайра алгандыгын белгилеп : "Карабахта жашаган армян калкы жакында жакшыга карай өзгөрүүнү көрөөрүнө ишенем», - деди.
Алиев Азербайжан армиясынын Карабахта жүргүзгөн жана ок атышпоо менен жыйынтыкталган антитеррордук операциядан кийин улутка кайрылды.
Экөөсү жаран болгон 6 Азербайжан жаранынын мурунку күнү армян куралдуу күчтөрү тарабынан жайгаштырылган миналардын жарылышы менен каза болгонлугун эске салган Алиев Экинчи Карабах согушунан кийин 300дөн ашуун Азербайжан жаранынын мина террорунун курмандыгы болгондугун айтты.
Алиев Лачында чек ара көзөмөлдөө пункту курулганга чейин Армениядан Карабахка миналардын алып келингендигин жана түрдүү жерлерге жайгаштырылгандыгын белгилеп : "Бул миналар 2021 - жылы Арменияда чыгарылган. Бул миналардын Экинчи Карабах согушунан кийин Азербайжанга каршы террордук кол салууларды аткаруу максатында алып келингендиги ачык. Азербайжан дароо керектүү кадамдарды таштап, душманды жазаландырды. Жер - жерлерде антитеррордук чаралар көрүлө баштады жана бир күндө эле бардык милдеттер аткырылды, террористтер жазаландырылды. Азербайжан өз эгемендүүлүгүнө кайрадан жетишти",- деди.
Алиев Карабахтагы армян калкы зыянга учурабашы үчүн операциядан мурда бардык аскерлерге олуттуу тапшырма бергендигин белгилеп : "Биз буга жогорку тактыктагы куралдарды колдонуу менен жетиштик",- деди.
Операциянын токтошу үчүн армян күчтөрүнүн куралдарын таштоо, куралсыздандыруу жана Азербайжан аймагынан чыгуусу үчүн шарттарды койгондорун эске салган Илхам Алиев, армян күчтөрү бул шарттарды кабыл алгандан кийин ок атышпоонун жарыялангандыгын баса белгиледи.
Алиев Карабах армяндарынын билим берүү, маданий, диний жана муниципалдык шайлоо сыяктуу бардык укуктарынын кепилдикке алынаарын айтып буларды белгиледи : "Азербайжанда диний жана улуттук бөлүүчүлүк жок жана болбойт",- деди.
Тектеш кабарлар

Казакстанда жатканада өрт чыкты
72 адам жашаган жатаканадан чыккан өрттүн себеби азырынча тактала элек.