Азербайжандык жетекчилер менен Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды

Ханкеди  -  Агдам багытын колдонгон армян өкүлдөрү орус тынчтык күчүнүн жетекчилери жана Азербайжан полициясынын коштоосунда Евлахка барды.

2040426
Азербайжандык жетекчилер менен Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды

Азербайжандык жетекчилер менен Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрүнүн арасында интеграция процессин карап чыга турган жолугушуу башталды. 

Ханкеди  -  Агдам багытын колдонгон армян өкүлдөрү орус тынчтык күчүнүн жетекчилери жана Азербайжан полициясынын коштоосунда Евлахка барды. 

Азербайжандын расмий өкүлдөрү менен Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрүнүн интеграция процесси талкуулана турган жолугушуусу башталды.

Бул тарыхый жолугушуу Карабахка жакын жайгашкан Евлах шаарындагы губернатордук имаратта өтүүдө.

Сүйлөшүүлөргө Азербайжан тараптан президент Илхам Алиевдин Карабахтагы армяндар менен байланыштар боюнча өкүлүнүн орун басары Рамин Мамедов,  Карабах армяндарынын атынан Давид Мелкумян менен Сергей Мартиросян жана Россиянын тынчтык күчүнүн расмий өкүлү да катышууда. 

Карабах жана Түштүк Кавказдагы абалды жакындан кызыктырган  жолугушууну Азербайжан жана түрк массалык маалымат каражаттары менен  көптөгөн чет элдик журналисттер да байкоодо.

Жолугушуунун негизги күн тарип беренесин Карабах армяндарынын Азербайжанга интеграциясы түзүүдө.

Азербайжан армиясы 19 - сентябрда Карабакта конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн антитеррордук операция баштаган. Карабактагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштады.

Азербайжан Карабах армяндарынын өкүлдөрүн Евлах шаарына интеграциялык маселелерди талкуулоо үчүн чакырган. 

 



Тектеш кабарлар