Азербайжан Арменияга таандык дрондорду атып түшүрдү

Армения Азербайжан чек арасындагы провокацияларын улантууда.

2038284
Азербайжан  Арменияга таандык дрондорду атып түшүрдү

Азербайжан позициялары үстүнөн  чалгындоо учушун аткарган Арменияга таандык дрон колго түшүрүлдү.

Армения Азербайжан чек арасындагы провокацияларын улантууда.

Азербайжандын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Армениянын куралдуу күчтөрүнө таандык квадрокоптер учкучсуз учуучу аппаратынын Азербайжан армиясынын позицияларынын үстүндө чалгындоо учушун аткарып жаткан учурда  колго түшүрүлгөнү жарыяланды.

Билдирүүдө : «Пашалы районунун Султанбей конушу тарабынан учурулган Армения куралдуу күчтөрүнө таандык квадрокоптер Азербайжан армиясынын Нахчиван автономдуу республикасынын Шахбуз районунун Түркеш конушу багытындагы бөлүктөрүнүн коргонуу позицияларынын үстүнөн   чалгындоо учушун ишке ашырууга аракет кылды",- деп айтылды.  

Министрлик  Азербайжандын абадан коргоо бөлүктөрү тарабынан аныкталган квадрокоптер дронун атайын техникалык каражаттар менен атып түшүрүлгөндүгүн жарыялады. 

 



Тектеш кабарлар