Азербайжанга колдоо билдирүүлөрү

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Азербайжандын Карабак аймагындагы армян күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда өткөрүлгөн «президенттик шайлоо» деп аталган шайлоо тууралуу суроого жооп берди.

2036704
Азербайжанга колдоо билдирүүлөрү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Азербайжандын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө берилгендигин тастыктады жана бул контекстте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын урматтоону талап кылды.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Азербайжандын Карабак аймагындагы армян күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда өткөрүлгөн «президенттик шайлоо» деп аталган шайлоо тууралуу суроого жооп берди.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин Армения менен Азербайжанды карым-катнаштарды нормалдаштыруу аракеттерин арттырууга чакырганын белгилеген Дужаррик мунун аймактык тынчтык жана коопсуздук үчүн да пайдалуу боло турганын айтты.

Дюжаррик, шайлоо деп аталган нерсеге байланыштуу: «Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Азербайжандын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу резолюцияларын эске салгыбыз келет. Биз бардыгын аларды толук урматтоого чакырабыз»,-деп айтты.

Кыргызстан дагы Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын ырастады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Кыргызстан дагы бир жолу Азербайжандын эгемендигин жана анын эл аралык таанылган чек араларында аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү колдой турганын ырастайт. Ал бардык көйгөйлөрдү Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун негизги принциптерине ылайык саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырат»,деген билдирүүлөр камтылган.

Казакстан да ошондой эле Азербайжандын эгемендүүлүгүн жана анын эл аралык таанылган чек араларынын алкагындагы аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү колдой турганын ырастады.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Тоолуу Карабактын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Казакстан Республикасы Азербайжан Республикасынын эгемендигин жана анын эл аралык таанылган чек араларынын чегинде аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү колдой турганын дагы бир жолу ырастайт. Ошондой эле бардык маселелердин Бириккен Улуттардын Уюмунун Уставы жана эл аралык укуктун негизги принциптери менен саясий жана дипломатиялык жол менен  чечилишин колдойт»,-деп айтылды.

Азербайжандын Карабак аймагындагы мыйзамсыз армян күчтөрү 9-сентябрда өз көзөмөлүндөгү жерлеринде «президенттик шайлоо» деп аталган шайлоо өткөрдү.

Сөз болуп жаткан шайлоону Азербайжан башкаруусу айыптап, «өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуу» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар