Азербайжан Аргентинага нота берди

Азербайжан Аргентинага президент Альберто Фернандестин Индиянын борбор шаары Жаңы Делидеги Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинде «өлкөгө карата бир жактуу билдирүүлөрү» үчүн нота берди.

2036231

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Аргентинанын Баку элчиси Марианжелес Беллусчи министрликке чакырылды.

Президент Фернандес Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин саммитинде "Азербайжанга каршы көз караштарын билдиргени" үчүн Аргентинага элчиси аркылуу нота берилди.

Элчиге Фернандестин «Армениянын Азербайжанга каршы каралоо кампаниясына негизделген, аймактагы фактыларды бурмалаган, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө каршы келген негизсиз көз караштарды» айткандыгы билдирилди.

Чоң жыйырмалыктын саммити 9 – 10 - сентябрда Индиянын борбору Жаңы Делиде өттү.

Тектеш кабарлар