Кыргызстанда ТикТокко тыюу салуу чечими

Өлкөдө ТикТокко тыюу салуу чечиминин эч кандай геосаясий максатты көздөбөгөнү баса белгиленди.

2031259
Кыргызстанда ТикТокко тыюу салуу чечими

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдө TikTok социалдык түйүнүнө тыюу салуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, TikTok тиркемесинде балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген зыяндуу таасирлерге байланыштуу көптөгөн бейөкмөт уюмдардан арыздар түшкөнү айтылды.

TikTokтун колдонуучуну кыска клиптерден турган виртуалдык дүйнөгө сүйрөп жатканы, жаштар аларды көргөндөн кийин айрымдарынын өмүргө коркунуч туудурган видеолорду кайталоого аракет кылганы белгиленип, мындай көз карандылыкты пайда кылуучу мазмундардын жаш муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизип жатканы билдирилди.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин көптөгөн каршы пикирлерди эске алуу менен жана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде өлкөдө ТикТокко тыюу салуу чечими кабыл алынганы айтылган билдирүүдө, чечимди ишке ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу жасалганы маалымдалды.

Өлкөдө ТикТокко тыюу салуу чечиминин эч кандай геосаясий максатты көздөбөгөнү баса белгиленип, ТикТокту токтотуу чечиминин балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизген, психологиялык ден соолугуна зыян келтире турган маалыматтардан коргоо үчүн кабыл алынганы эске салынды.



Тектеш кабарлар