Азербайжандын Бейруттагы элчилигине кол салуу болду

Кол салууда элчиликтин кызматкерлеринин жабыркабаганы билдирилди.

2031328
Азербайжандын Бейруттагы элчилигине кол салуу болду

Азербайжандын Ливандын борбору Бейруттагы элчилигинин имаратына армян тектүү бир канча киши, боёк жана жардыргыч зат куюлган бөтөлкөлөр менен кол салышты.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги, Ливанда акция уюштурган 50гө жакын армян тектүү кишинин, Бейруттагы элчиликтин административдик имаратынын айланасындагы тосмолорду бузуп, боёк жана жардыргыч зат куюлган бөтөлкөлөрдү элчиликтин административдик имаратына ыргытканын маалымдады.

Кол салууда элчиликтин кызматкерлеринин жабыркабаганы кабарланган билдирүүдө: «Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоого жооптуу уюмга окуя тууралуу кабарланганда укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге келишкен, бирок ошол эле учурда чагымчылар аймактан качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Элчиликке жасалган бул кол салууга байланыштуу кылмышкерлерди аныктоо жана кармоо үчүн Ливандын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырылып, тиешелүү чаралар көрүлө баштады»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Бейрут элчилигинде коопсуздук чараларынын күчөтүлгөнү жана кол салууга байланыштуу иликтөөнүн уланып жатканы кабарланды.



Тектеш кабарлар