Азербайжандын желегин тебелеген үч армян футболчуга абак жазасы
Билдирүүдө үч адамдын сурак маалында жасаган кылмыштарын мойнуна алып, өкүнгөндөрүн жана мындан ары мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришкени айтылды.
Карабахта Азербайжандын желегин тебелеген үч армян футболчуга 10 күндүк абак жазасы берилди.
Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө: «2021-жылы тергөө башталып камакка алуу өкүмү чыгарылган армян жарандары Ален Саркисян (22), Вахе Овсепян (20) жана Левон Григоряндын (20) Карабахтан Арменияга өтүп бара жатканда Лачын чек ара бекетинде кармалганы кабарланды.
Билдирүүдө үч адамдын сурак маалында жасаган кылмыштарын мойнуна алып, өкүнгөндөрүн жана мындан ары мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришкени айтылды.
Көрсөтмөлөрү эске алынып аларга карата тергөөнүн аяктагандыгы кабарланган билдирүүдө, 3 адамдын административдик укук бузуулар жөнүндөгү мыйзамдын «Тыюу салынган маалыматты интернетте таратуу» беренесинин алкагында соттолуп, ар бирине 10 күндөн абак жазасы берилгени маалымдалды.
Үч адамдын жаза мөөнөтү аяктагандан кийин Азербайжандан чыгып кетүүгө уруксат берилери айтылды.
Карабахтагы бир футбол клубунун оюнчуларынын Азербайжан желегин тебелеп жаткан көрүнүштөрү 2021-жылы интернетке тараган.
Азербайжандын Башкы прокуратурасы окуяга байланыштуу "Азербайжан Республикасынын мамлекеттик желегин же гербин мазактоо" жана "Улуттук, расалык, социалдык же диний кастыкты жана душмандыкты көкүтүү" беренелери боюнча тергөө иштерин баштаган.
Тектеш кабарлар
Шольцтун Астанадагы билдирүүсү
Германия менен Казакстандын ортосунда абдан кеңири өнөктөштүк бар экенин баса белгиледи.