Кыргызстандын түндүгүндөгү Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрдү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу, Көчү жана Корумду айылдарында сел жүргөнү белгиленди.
2021543
Кыргызстандын түндүгүндөгү Ысык-Көл облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин 92 айылдын үйү зыянга учурады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу, Көчү жана Корумду айылдарында сел жүргөнү белгиленди.
Сел таасирдүү болгон үч айылда 92 үй жана ички жолдор жарактан чыкканы белгиленген билдирүүдө селден кийин аймактагы тазалоо иштерине 103 кызматкер 7 унаа менен катышканы белгиленди.
Билдирүүдө өлкөнүн түштүгүндөгү Жалал-Абад облусунун Чоң-Сай айылында да кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.30дар чамасында кыска мөөнөттүү жааган жамгырдын натыйжасында болгон селден кийин эвакуациялоо жана тазалоо иштери уланып жатканы белгиленди.