Түрк мамлекеттеринин профсоюздар уюму түзүлдү

ТМУга мүчө өлкөлөрдүн профсоюздук федерацияларынын жыйыны Карабагдын символу болгон Шушада өттү.

2017753
Түрк мамлекеттеринин профсоюздар уюму түзүлдү

«Түрк Мамлекеттер Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн профсоюздук федерациялары тарабынан «Түрк мамлекеттернин профсоюздар уюму» түзүлдү.

ТМУга мүчө өлкөлөрдүн профсоюздук федерацияларынын жыйыны Карабагдын символу болгон Шушада өттү.

Азербайжан профсоюздар конфедерациясынын төрагасы Сеттар Мехбалиев кожоюндук кылган иш-чарага, Түркия профсоюздар конфедерациясынын (TÜRK-İŞ) төрагасы Эргүн Аталай, Казакстандын профсоюздар федерациясынын төрагасы Сатыбалды Даулеталин, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрага орун басары Омор Арстанбеков жана Өзбекстандын профсоюздар федерациясынын төрага орун басары Бахтияр Мехметалиев катышты.

Мехбалиев бул жерде сүйлөгөн сөзүндө ТМУга мүчө өлкөлөрдүн профсоюздук федерацияларынын Шушада чогулганынын символдук жагын белгилеп, Шушанын 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары экенин айтты.

Боордош өлкөлөрдүн бардык мекемелеринин биргелешип аракет кылышы керектигин белгилеген Мехбалиев, ТМУга мүчө өлкөлөрдүн профсоюздук федерацияларынын да биригүүсү керектигин белгиледи.

ТҮРК-ИШтин төрагасы Аталай да боордош өлкөлөрдүн кризиске каршы биримдикте болушунун жана орток позицияны көрсөтүүсүнүн маанилүү экенин айтты.

Аталай: «Бир улуттан, бир тилден, бир динден, орток маданияттан болуу ынтымагыбыздын негизин түзөт. Профсоюздар деңгээлинде карым-катнашыбызды өркүндөтүү жана жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн аракеттерибизди бириктирүү биздин негизги милдетибиз»,- деди.

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү да ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катнаштарды мындан ары өнүктүрүү жана бул процесске профсоюздар катары кошо турган салымдарга да токтолушту.

Жыйындын соңунда «Түрк мамлекеттеринин профсоюздар уюмун» түзүү боюнча келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар