Азербайжан Армениядан чек арадагы метталургия заводун курууну токтотуусун талап кылды

Азербайжан Ереван башкаруусунан Нахчыван автономиялуу республикасы менен чек арада курулган металлургия заводдун курулушун токтотууну талап кылды.

2014109
Азербайжан  Армениядан чек арадагы метталургия  заводун курууну токтотуусун талап кылды

Азербайжан Ереван башкаруусунан Нахчыван автономиялуу республикасы менен чек арада курулган металлургия заводунун курулушун токтотууну талап кылды.

Азербайжандын министрлер кабинетинин билдирүүсүндө, Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев Армениянын экологияны коргоо министри Хакоб Симидианга Азербайжан чек арасынан бир нече жүз метр алыстыкта ​​жайгашкан Ерасх шаарында (Араздейен) курулган металлургия заводуна байланыштуу кат жазганы билдирилди.

Бабаев катында сөз болгон заводдун чек араны ашкан таасири болушу мүмкүн деген ой менен Чек араны ашкан экологиялык таасирди карап чыгуу келишими (Эспоо келишиминин) алкагында процедура баштаткандарын белгиледи. 

Эспоо келишиминин  3 - беренесине караганда Армениянын бул иш  - аракеттин  экологиялык таасирлери тууралуу Азербайжанга маалымат берүү менен милдеттүү экендиги бирок мунун ушул кезге чейин жасалбагандыгы айтылган  катта келишимдин  3 - 7 - беренеси  боюнча заводдун терс таасирлерин сүйлөшүү максатында Армениядан маалымат алмашуу  талап кылынды. 

Катта Азербайжан өкмөтүнүн атынан долбоордун чек араны ачкан таасирине байланыштуу темалар толугу менен такталып жана керек болгондой баа берилгенге чейин заводдун курулушунун дароо токтотулушу талап кылынды. 

 



Тектеш кабарлар