Кыргызстандагы экологиялык маселелер

Парламент полимер баштыктарга тыюу салды

2006923
Кыргызстандагы экологиялык маселелер

Кыргызстанда экологияны коргоо максатында жаңы бир кадам ташталды. Өлкөгө  полимер баштыктарды киргизүүгө тыюу салынды. Полимер баштыктарды өлкөгө киргизген мекемелер  13 миң сом, чыныгы кишилер 3 миң сом айып төлөйт. Пластикалык баштык чыгарган ишканаларга да  28 миң сом айып салынат. Бир тараптан  өлкөнүн туристтик аймактарынан Ысык Көлдү пластикалык таштандылардан жана балык торлорунан  тазалоо иштери да улантылууда. Президент Садыр Жапаров  аймакка барып таштандыларды тазалоо иштери тууралуу маалымат алды. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ушул кезге чейин көлдөн  100 километрге жакын балык кармоочу торлорду чыгаргандарын, чогултулган пластикалык таштандылардын 7 тоннага жеткендигин айтты.

 

 



Тектеш кабарлар