Кыргызстанда Олимпиада оюндарына күрөш боюнча тандоо турнири өтөт

Бүткүл дүйнөлүк күрөш союзунун билдирүүсүнө ылайык, 19-21-апрель күндөрүнүн аралыгында Азия континентинин квалификациялык таймаштары Бишкекте өтөт.

2006470
Кыргызстанда Олимпиада оюндарына күрөш боюнча тандоо турнири  өтөт
Kırgızistan güreş Akcol Mahmudov.jpg

Кыргызстанда 2024-жылдагы жайкы олимпиаданын күрөш боюнча тандоо турнирлери өтөт.

Бүткүл дүйнөлүк күрөш союзунун билдирүүсүнө ылайык, 19-21-апрель күндөрүнүн аралыгында Азия континентинин квалификациялык таймаштары Бишкекте өтөт.

Кыргызстандын борбору Бишкекте өтө турган турнирдин жыйынтыгында 36 балбанга Олимпиадага жолдомо берилет.

Ошентип Кыргызстан биринчи жолу олимпиададагы квалификациялык оюндарды өткөргөн болот.



Тектеш кабарлар