Кыргызстанда Эл аралык MadWay раллиси өттү

Орусияда туулган технологиялык ишкер Алексей Губарев тарабынан даярдалган Эл аралык MadWay Rally долбооруна ар кайсы өлкөлөрдөн келген ишкерлер катышышты.

2005929
Кыргызстанда Эл аралык MadWay раллиси өттү
kirgizistan'da uluslararasi madway rallisi.jpg
kirgizistan'da uluslararasi madway rallisi.jpg
kirgizistan'da uluslararasi madway rallisi.jpg
kirgizistan'da uluslararasi madway rallisi.jpg

Кыргызстанда Эл аралык MadWay ралли өтүп, ага «Жинди Макс: Каардуу жолдор» ("Mad Max: Furious Roads") боевик тасмасындагы стилдеги унаалар катышты.

Орусияда туулган технологиялык ишкер Алексей Губарев тарабынан даярдалган Эл аралык MadWay Rally долбооруна ар кайсы өлкөлөрдөн келген ишкерлер «Жинди Макс: Каардуу жолдор» тасмасындагы стилдеги унаалары менен катышты.

Төрт дөңгөлөгү сүйрөөчү унаалардын түрдүү моделдери стили жана дизайны менен көңүлдөрдү бурду.

Раллинин катышуучулары унаалары менен Монголиянын жана Орусиянын Байкал жана Алтай аймактарынын татаал жолдорун басып өтүп, Кыргызстандын түндүгүндөгү Бишкек, Токмок, Кемин жана Каракол шаарларынын, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын татаал тилкелерин басып өтүштү.

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров эл аралык MadWay ралли долбооруна катышкан айдоочулар менен жолугушту.

Жапаров унаалардын бирин өзү колдонуп, Кыргызстандын туристтик потенциалын дүйнөгө тааныткан айдоочуларга ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанда 24-июнда башталган MadWay ралли эс алуу борбору болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата ипподромунда өткөн музыкалык фестиваль менен жыйынтыкталды.



Тектеш кабарлар