Азербайжанда Куралдуу күчтөрдүн күнү

Борбор калаа Бакуда аскердик академиянын курсанттары жана офицерлери Түркия жана Азербайжан желектери менен Баку көчөлөрүндө жүрүштү.

2004388
Азербайжанда Куралдуу күчтөрдүн күнү

Азербайжанда Куралдуу күчтөрдүн күнү жана армиянын 105 жылдыгына карата аскердик жүрүштөр өттү.

Борбор калаа Бакуда аскердик академиянын курсанттары жана офицерлери Түркия жана Азербайжан желектери менен Баку көчөлөрүндө жүрүштү.

Азербайжандын Коргоо министрлигине караштуу аскердик оркестр командалары жүрүшкө катышкандарды түрдүү марштар менен коштоп жүрүштү.

Мехтер марштары да ырдалган маршка кызыгышкан бакулуктар жоокерлерди тосуп алышты.

Бакудан тышкары Берде жана Шуша шаарларында да аскердик жүрүштөр өткөрүлдү.

1918-жылы 28-майда эгемендигин жарыялаган Азербайжанда өкмөт 26-июнда улуттук армияны түзүү чечимин чыгарган.

Мурда орус армиясында кызмат өтөгөн азербайжандык офицерлердин салымдары менен түзүлө баштаган армия, Осмон мамлекети жардамга жиберген Кавказ Ислам армиясы менен Бакуну армян жана большевик бандаларынын басып алууларынан куткарган.



Тектеш кабарлар