Армения чек арадагы Азербайжан позицияларына кол салды

Азербайжан бөлүктөрүндө жоготуу болбогону маалымдалган билдирүүдө, Азербайжан армиясынын жооп кайтарганы кабарланды.

1987908
Армения чек арадагы Азербайжан позицияларына кол салды

Азербайжандын Коргоо министрлиги, армян күчтөрүнүн чек арадагы Азербайжан позицияларына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:15 чамасында Армения армиясынын Келбажар облусунун Йеллиже шаарчасы багытында Азербайжан армиясынын позицияларына учкучсуз аппараттар ​​менен кол салгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө, жүргүзүлгөн иликтөө учурунда армяндар тарабынан пилотсуз аппараттардан атылган колго жасалган октун калдыктарынын табылганы белгиленди.

Азербайжан бөлүктөрүндө жоготуу болбогону маалымдалган билдирүүдө, Азербайжан армиясынын жооп кайтаргандыгы кабарланды.

Билдирүүдө аймактагы чыңалуунун бардык жоопкерчилигинин Армениянын аскердик жана саясий башкаруусуна таандык экени айтылды.



Тектеш кабарлар