Азербайжан - Армения чек арасында кагылышуу болду
Азербайжандын коргоо министрлиги чек арада Армения күчтөрүнүн ок атуусу менен бир аскердин шейит болгондугун жарыялады.
Азербайжандын коргоо министрлиги чек арада Армения күчтөрүнүн ок атуусу менен бир аскердин шейит болгондугун жарыялады.
Министрликтин билдирүүсүндө Армения күчтөрүнүн провокациясынын найтыжасында Азербайжан армиясынан Мухаммет Гараев аттуу аскердин шейит болгондугу билдирилди.
Билдирүүдө операциялык шарттардын Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги белгиленди.
Министрликтин башка бир билдирүүсүндө да Армения күчтөрүнө таандык камикадзе учкучсуз учуучу аба аппараттарынын таасирсиз абалга келтирилгендиги маалымдалды.
Армения - Азербайжан чек арасында 3 күндөн бери болуп жаткан кагылышуулар болууда.
10 - майда Зод аймагы багытындагы Армения позицияларынан Азербайжан армиясынын позицияларына ок атылууда. Ок атуунун натыжасында Азербайжан армиясынан бир аскер шейит болуп, 1 аскер оор жараланды.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.