Казакстандын жаңы тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу

47 жаштагы Нуртилеу Казакстандын Финляндия жана Эстониядагы элчиси болуп иштеген.

1969269
Казакстандын жаңы тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу

Казакстандын президенттигинин билдирүүсүнө караганда, президент Касым Жомарт Токаев Мурат Нуртилеуди вице-премьер-министр жана тышкы иштер министри кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

47 жаштагы Нуртилеу Казакстандын Финляндия жана Эстониядагы элчиси болуп иштеген.

Бир мезгил тышкы иштер министринин кеңешчиси болгон Нуртилеу 2014-2016-жылдары президенттик администрациянын тышкы саясат борборунун төрага орун басарлыгын аткраган.

2019 -  жылы мартта президент Токаевдин вице  - презиенти болуп шайланган Нуртилеу "Январь окуяларынан" кийин Казакстан Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалды.

Нуртилеу 2022 -  жылдын февраль айынан бери президенттик аппараттын жетекчилигин  аткарып келе жаткан.

Өлкөдө 19 - мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийин өкмөт отставкага кеткен.

Мурдагы премьер-министр Алихан Исмаилов 30-мартта кайрадан премьер-министр болуп дайындалды.

Казакстанда конституцияга ылайык, Коргоо, ички иштер жана тышкы иштер министрлери түздөн-түз президент тарабынан дайындалат, ал эми өкмөт мүчөлөрү өкмөт башчынын сунушу менен президент тарабынан бекитилет.

Президент Токаев мурдагы коргоо министри Руслан Жаксылыков менен мурдагы ички иштер министри Марат Ахметжановду кайрадан кызматтарына дайындады.

Кабинеттин башка мүчөлөрү азырынча расмий дайындала элек. 

 

 

 



Тектеш кабарлар