Алиев Тоггду алды
Алиевге Тоггдун ачкычын Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк тапшырды.
Түркиянын ата мекендик жана улуттук унаасы Тогг Азербайжандын президенти Илхам Алиевге тапшырылды.
Илхам Алиев борбор шаар Бакуда өткөрүлгөн аземде Анадолу түсүндөгү Тоггду алды.
Алиевге Тоггдун ачкычын Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк тапшырды.
Алиев Тоггду президент Режеп Таййип Эрдогандан кийин алган экинчи адам болду.
«Тоггдун» өндүрүшүн куттуктаган Илхам Алиев, анын Бакуга алып барылышына кубанычтуу экенин айтып, бул темада президент Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди.
Алиев Тоггдун экинчи унаасынын Азербайжанда болушунун достук жана бир туугандык мамилелердин көрүнүшү катары баалады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Тоггду тапшырып алган Азербайжандын президенти Алиевге каалоо-тилектерин айтты.
Эрдоган социалдык медиа баракчасынан жарыялаган куттуктоосунда Алиевдин «Анадолу» түстүү Togg унаасы менен түшкөн фотосүрөтүнө да орун берип: «Бир тууганым Илхам Алиев да Түркиянын сыймыгы Тоггду алды. Үй-бүлөңүзгө жакшылыктарды каалайм. Кудайым жакшы күндөрдө колдонууну насип кылсын»,-деди.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.