Алиев Селчук Байрактарды кабыл алды

Түркиянын коргоо өнөр жайынын акыркы жылдарда чоң ийгиликтерге жетишкенине көңүл бурган Алиев, Байкардын бул темада алдыңкы ролду ойногонун баса белгиледи.

1969159
Алиев Селчук Байрактарды кабыл алды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Бакуга барган Байкар башкаруу кеңешинин төрагасы жана технология лидери Селчук Байрактарды кабыл алды.

Азербайжандын Президенттигинин маалыматына караганда, Байрактар ​​президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын жана 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин көрсөткөн жардамдары үчүн Алиевге ыраазычылыгын билдирди.

Саламы үчүн ырахмат айткан Алиев да Байрактардан президент Эрдоганга саламын жеткирүүнү суранды.

Түркиянын коргоо өнөр жайынын акыркы жылдарда чоң ийгиликтерге жетишкенине көңүл бурган Алиев, Байкардын бул темада алдыңкы ролду ойногонун баса белгилеп, 2-Карабах согушунда баскынчы армян күчтөрүнүн аскердик техникаларын жок кылууда Байкар өнүмдөрүнүн ролун эске салды.

Жолугушууда Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы достук жана бир туугандык карым-катнаштардын бардык тармактардагыдай эле коргоо өнөр жайында да ийгиликтүү өнүгүп жатканы айтылып, кызматташтыктын перспективалары тууралуу пикир алмашылды.

Селчук Байрактар жолугушууда Азербайжан менен Түркиянын боордоштугун ​​жогорку технологиялык өнүгүү экосистемалары аркылуу бекемдөө максатында жаңы курулган Bayraktar Technology Азербайжан фирмасы тууралуу президент Алиевге маалымат берди.

Байрактар ​​президент Алиевге "Байкар" тарабынан иштелип чыккан Түркиянын биринчи учкучсуз согуштук учагы Байрактар ​​Кызылелманын үлгүсүн тапшырды.



Тектеш кабарлар