Казакстанда шайлоо өтүп жатат

Жалпы калкынын саны 19 миллиондон ашкан өлкөдө 12 миллион 32 миң 550 шайлоочу 5 жылга парламенттин төмөнкү палатасында жана жергиликтүү кеңештерде өкүл боло турган депутаттарды шайлоо үчүн добуш беришет.

1961818
Казакстанда шайлоо өтүп жатат

Казакстанда парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү процесси башталды.

Жалпы калкынын саны 19 миллиондон ашкан өлкөдө 12 миллион 32 миң 550 шайлоочу 5 жылга парламенттин төмөнкү палатасында жана жергиликтүү кеңештерде өкүл боло турган депутаттарды шайлоо үчүн добуш беришет.

«Эгемендүүлүк тарыхында 8-парламент жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо» катары каттала турган шайлоодо 19 жылдан кийин кайрадан аралаш мандаттуу пропорционалдуу өкүлчүлүк системасы колдонулат.

Бул система менен 98 орундан турган Казакстан парламентинде 69 депутат саясий партиялардан, 29 депутат  көз карандысыз депутат боло турган аймактардан өкүл болот.

Парламентке саясий партиялар менен катар көз карандысыз талапкерлердин келиши менен өлкө саясатына жаңы ысымдарды алып келүүнү максат кылган шайлоодо өлкөдө катталган 7 саясий партия жана 525 көз карандысыз талапкер ат салышууда.

Бүгүн 17 облустун жана 3 борбор калаанын жергиликтүү кеңештеринин (маслихат) депутаттары да шайланууда.

Учурда чет өлкөдө жашаган казакстандык жарандар өлкөнүн 62 өлкөдөгү чет элдик өкүлчүлүктөрүндө орнотулган үкөктөрдө добуштарын беришти.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 10 күндүн ичинде жарыяланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар