Илхам Алиев БУУнун Коопсуздук Кеңешинде реформа жүргүзүлүшү керектигин айтты

Алиев Азербайжанга барган Египеттин президенти Абдулфеттах Эс-Сиси менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1939042
Илхам Алиев БУУнун Коопсуздук Кеңешинде реформа жүргүзүлүшү керектигин айтты

 Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде реформалардын жүргүзүлүшү керектигин, Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) жана Блокторго кошулбоо кыймылына мүчө болгон  өлкөлөргө туруктуу мүчөлүктүн берилиши керектигин айтты.

Алиев Азербайжанга барган Египеттин президенти Абдулфеттах Эс-Сиси менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Алиев Азербайжанга барган Ешипеттин президенти Абдулфеттах ес  -  Сиси менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин функцияларына токтолуп : «Мурунку сүйлөгөн сөздөрүмдүн биринде мен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде реформалардын болушу керектигин айткамын. Мен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин структурасынын кеңейтилиши  керектигине ишенем. ИКУга мүчө бир өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болушу керек. Бул өлкөнү  ИКУнун мүчөлөрү өз араларында кеңешүү менен белгилеши керек. Блокторго кошулбоо кыймылына да БУУнун Коопсуздук Кеңешинде туруктуу орундук берилип, бул өлкө Блокторго кошулбоо кыймылынын кезектешкен  башкаруучусу болушу керек. Мунун адилеттүү болорун ойлоп жатам»,- деди.

Алиев Экинчи дүйнөлүк согуштан бери 80 жылга жакын убакыттын өткөнүн, дүйнөнүн өзгөргөнүн жана бул өзгөрүүлөрдүн ылдам уланып жатканын айтып : «Бул реформалардын адилеттүү жана коопсуз дүйнөнү түзүүгө кызмат кыларына  ишенем",- деди.

Азербайжандын дээрлик 30 жылдык оккупациядан кийин согушуу менен оккупацияны акырына чыгаргандыгын, жеринин бүтүндүгүн камсыздаганын баса белгилеген Алиев : «Азербайжан БУУнун төрт чечимин (Арменияны Азербайжан жеринен шартсыз чыгарууну  күткөн чечимдер) өзү ишке ашырды. Бирок буларды БУУ аткарышы керек болчу. БУУнун Коопсуздук Кеңешинде  реформалардын зарылдыгы ушундан улам келип чыкты»,- деди.



Тектеш кабарлар