ТМУнун баш катчысы Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Түрк Мамлекеттер Уюмунун баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев эртең боло турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн барган Ташкентте Саидов менен жекеме-жеке жолугушту.

1936744
ТМУнун баш катчысы Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Түрк Мамлекеттер Уюмунун баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Бахтияр Саидов менен жолугушту.

Өмүралиев эртең боло турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн барган Ташкентте Саидов менен жекеме-жеке жолугушту.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, тараптар бардык тармактарда алакалардын оң өнүгүүсүнө канааттангандыктарын билдиришти.

2022-жылдын ноябрь айында уюм тарабынан уюштурулган Самарканд саммитинде кабыл алынган стратегиялык чечимдерди ишке ашыруу процессине баа берген Саидов менен Өмүралиев, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы коммерциялык-экономикалык мамилелерди кеңейтүү, ТМУ аймагындагы транспорттук жана транзиттик потенциалын пайдаланууну, информатика, санариптик жана жашыл экономика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, туризм, билим берүү жана маданият тармагында өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда Өмүралиев уюмдун катчылыгы Өзбекстандын ТМУга төрагалык мөөнөтүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуудан кийин басма сөзгө берген маалыматында Өмүралиев Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп жаңы дайындалган Саидов менен биринчи жолу жолугушкандарын белгиледи.

Жолугушууда тараптардын карым-катнаштары жана Өзбекстандын уюмдун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча иш планы талкууланганын белгилеген Өмүралиев, 2022-жылы ноябрда Самаркандда өткөн ТМУнун Мамлекет башчыларынын саммитинде кол коюлган декларациясынын жана башка документтердин ишке ашырылышына байланыштуу маселелерди да талкуулашкандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар