Кыргыз тили жасалма интеллектке шайкеш келтирилет
2014-жылы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин компьютердик инженерия факультетин аяктаган Окенов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин программалык камсыздоо компаниясын негиздегенин белгиледи.
![Кыргыз тили жасалма интеллектке шайкеш келтирилет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8d03/f7e7/6092/63cd101ed76ca.jpg?time=1722046053)
![Mirbek OKENOV yapay zeka 1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ca18/dfb7/76ef/63ce7f48e1c69.jpg?time=1722046053)
![Mirbek OKENOV yapay zeka 2.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9a72/02e4/c8f8/63ce7f4ca2661.jpg?time=1722046053)
Түркиялык бүтүрүүчү Мирбек Окенов кыргыз тилин акылдуу өнүмдөрдө колдонууга шарт түзүү үчүн жасалма интеллект технологиялары боюнча иштеп жатышканын айтты.
2014-жылы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин компьютердик инженерия факультетин аяктаган Окенов Кыргызстанга кайтып келгенден кийин программалык камсыздоо компаниясын негиздегенин белгиледи.
Окенов Түркияда стипендия менен билим алган кыргызстандык студенттер тарабынан түзүлгөн Түркия бүтүрүүчүлөрүнүн Эгемендик коомунун башкы катчысы болуп да иштегенин айтты.
Окенов Кыргызстандын Президенттиги тарабынан кыргыз тилин акылдуу өнүмдөрдө колдонууну камсыз кылуу үчүн бул тилди түшүнө турган жана сүйлөй турган «Акылдуу виртуалдык жардамчы» долбоорун ишке ашырууга аракет кылып жатышканын билдирди.
Окенов автономдуу унаалар, акылдуу мобилдик, акылдуу үй, акылдуу телекөрсөтүү, навигация жана үн жардамчысы сыяктуу тиркемелерде кыргыз тилин жасалма интеллект менен шайкеш келтирүүнү максат кылган программалык камсыздоону камтыган долбоордун акыркы баскычка жеткенин билдирди.
Долбоорду 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү максат кылгандарын билдирген Окенов: «Өкмөттүн колдоосу менен сатылып алынган суперкомпьютерде керектүү орнотуулар жасалгандан кийин долбоор колдонууга берилет»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Кыргызстан Париж Олимпиадасына 16 спортчу менен катышат](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ff7f/bd0b/a17c/669f999e8c131.jpg?time=1722046053)
Кыргызстан Париж Олимпиадасына 16 спортчу менен катышат
Президент Жапаров улуттук спортчулар менен жолугушуп, алар менен баарлашты.