Жээнбек Кулубаев чек ара келишими жалпы аймактын кызыкчылыгына жооп берерин айтты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кол коюлган чек ара келишими жалпы аймактын кызыкчылыгына жооп берерин билдирди.

1934548

Кулубаев мамлекеттик радиодо катышкан программада Өзбекстан менен чек ара боюнча 30 жылдан бери келе жаткан  сүйлөшүүлөрдү акырына чыгаргандарын  билдирди.

Эки өлкө ортосунда кол коюлган чек ара келишими бүтүндөй аймактын кызыкчылыгына жооп берерин баса белгилеген Кулубаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара келишимин Россия, Казакстан жана Европа өлкөлөрүнүн жакшы кабыл алгандыгын айтты.

Кыргыз - өзбек чек арасын аныктоо боюнча келишимге ылайык, Өзбекстан Кыргызстанга 19 миң 699 гектар жерди берет.

Анжиян дамбасын биргелешип башкаруу келишимине ылайык, дамба жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга калтырылат.

Өзбекстан кыргыздарга суу ресурстарына бекер жана тоскоолдуксуз жетүүнү камсыздайт жана суу ресурстарына кошумча курулуштарды курбайт.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда жалпы 1379 чакырымдык чек ара бар. Чек аранын 200 чакырымдык бөлүгү боюнча бир нече жылдардан бери тараптар бир пикирге келе албай келишкен.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин келерки аптада Кыргызстандын борбору Бишкекке келиши күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар