Азербайжан кендерин мыйзамсыз иштеткен чет элдик компаниялардын тизмесин жарыялады

Али Алиев басма сөз жыйынында оккупация мезгилинде Карабах жана анын тегерегиндеги облустарда кендердин мыйзамсыз иштетилгенин билдирди.

1934119
Азербайжан кендерин мыйзамсыз иштеткен чет элдик компаниялардын тизмесин жарыялады

Азербайжан Арменияны оккупациялоо учурунда кендерин мыйзамсыз иштеткен чет элдик компаниялардын тизмесин жарыялады.

Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин геологиялык изилдөө агенттигинин башчысы Али Алиев басма сөз жыйынында оккупация мезгилинде Карабах жана анын тегерегиндеги облустарда кендердин мыйзамсыз иштетилгенин билдирди.

Кендердин мыйзамсыз иштетилишине чет элдик фирмалардын да тиешеси бар экенин белгилеген Алиев Канаданын «Стерлит алтыны» жана «Биринчи династия кендери», Швециянын «Базалык металлдар», Орусиянын «Geopro Mayning Gold Company», Армениянын Швеция жана Лихтенштейн менен  биргелешкен ишканасынын бар экенин айтты. «Армян жез программасы» Америка Кошмо Штаттарынын  "Global Gold"  жана Индиянын "Vedanta Resources" компанияларынын аттарын берди.  

Азербайжандын экологиялык бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү жана активисттер тарабынан демилгеленген армян калкы жашаган жана орус күчтөрү убактылуу жайгашкан Азербайжан аймагындагы шахталардын мыйзамсыз иштетилишине жол бербөөнү талап кылган нааразылык акциясы 37 күндөн бери уланууда. 



Тектеш кабарлар