Алиев: "Зенгезур коридору 2024-жылы бүтөт"
Алиев Түркмөнстандын Аваза аймагында өткөрүлгөн Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан президенттеринин биринчи саммитинде сөз сүйлөдү.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Карабахта Арменияга каршы жеңиштин, аймакта жаңы транспорт долбоорлору үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн белгиледи.
Алиев Түркмөнстандын Аваза аймагында өткөрүлгөн Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан президенттеринин биринчи саммитинде сөз сүйлөдү.
Азербайжандын Түркия менен да, Түркмөнстан менен да саясий карым-катнаштарынын жогорку деңгээлде экенин баса белгилеген Алиев, Түркия менен кол койгон Шуша декларациясынын негизинде карым-катнаштарын стратегиялык союздаштык деңгээлине көтөрүшкөндөрүн билдирди.
Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын транспорт жана логистика тармагында чоң ийгиликтерге жетишкенин белгилеген Алиев: «Булар да транспорттук байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Үч өлкөдө тең бул тармакка заманбап инфраструктуранын түзүлүүсүнө салым кошушту. 2022-жылдын 10 айында Азербайжан аркылуу өткөн жалпы транзиттик транспорттун көлөмү былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 80 пайыздан ашык өстү»,-деп баа берди.
Алиев Зенгезур коридорунун ачылуусу үчүн аракет кылып жатышканын билдирип: «Зенгезур коридорунун Азербайжан аркылуу өткөн бөлүгү үчүн темир жолдун 40 пайызы жана автожолдун 70 пайызы бүткөрүлдү. Иштер 2024-жылы аяктап, акырында жаңы транспорт коридору түзүлөт»,- деди.
Азербайжандын президенти: «2020-жылы 44 күндүк согуштагы жеңиштин натыйжасында жерлерибиз Армениянын 30 жылдык баскынчылыгынан бошотулду. Карабах жаңжалы чечилип, бул жеңиш аймактагы жаңы транспорт долбоорлоруна жагымдуу мүмкүнчүлүк түздү»,- деп айтты.